• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги "Мурас-Ордо" конушунда дренаждык тармак курулат

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бишкектеги "Мурас-Ордо" конушунда жабык дренаждык тармактын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тармактардын узундугу 3,5 чакырым, 900гө жакын үйдү камтыйт. План боюнча курулуш келерки жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында "Алмалы-Доор" курулуш компаниясы жеңүүчү аныкталды. Шаардык бюджеттен каржыланат.

Маалымат: Жабык горизонталдык дренаж - бул дренаждык сууну чогултуу жана анын сыртына төгүү үчүн арналган жабык түтүкчө системасы.

Пикир

Оставить комментарий