• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги музыкалык кече: Кезек Ленин районунда

Коом 0

Бишкек, 11.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Дайыр Асанов атындагы сейил багында шаар тургундары жана коноктору үчүн салттуу музыкалык кече өткөрүлдү. Бул Октябрь району боюнча өткөрүлгөн акыркы иш чара болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, музыкалык кече өткөрүү кезеги эми Ленин районуна келип жетти.

“Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык кеченин символу болгон скрипка ачкычы Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаевге тапшырылды. Эми маданий иш чара Ленин районунун аймагында өткөрүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Октябрь району боюнча музыкалык кече иш чарасы 18-августта 8-сентябрга чейин өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий