• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Бишкектеги мыйзамсыз курулуш боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эксперттик комиссиясынын кызматкерлери шаар куруу жана өрт коопсуздугу талаптарын эске албай, жанаша турган жерлердин ээлеринин конституциялык укуктарын бузуп, Медеров көчөсүндөгү кесилишиндеги 12 кабат турак жайдын курулушуна уруксат кагаздарын берип коюшкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий