• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз өз алдынча тургузулган курулуштарды түрттүрүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы 4 павильонду алып салган.

“7-апрель көчөсүндөгү ДСМ заводунун жанында муниципалдык жерде 7нен 11-ноябрга чейин бир эле учурда 4 контейнер орнотулган. Башкармалыктын кызматкерлери аталган жерлерге уруксат кагаздарды көрсөтүү боюнча билдирүү жөнөтүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Бирок, аталган павильондордун ээлери тиешелүү уруксат кагаздарды көрсөтө алышкан эмес. Жыйынтыгында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө бардык объекттер түрттүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий