• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги мыйзамсыз салынган курулуштардын ээлерине айып пул салынат

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Бишкек мэриясы мыйзамсыз салынган курулуштарды түрттүрүү менен алардын ээлерин жазалоо жетишсиз деп эсептейт. Айып пул дагы салуу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын башында адистердин тобу мыйзамсыз курулган жеңилдетилген типтеги объектилердин ээлерине айып пул салуу жөнүндө административдик кодекске оңдоо киргизүүнү сунуштайт. Ал объектини түрттүрүп салуу жазалоого аздык кыларын айтты.

“Администртативдик кодексте эгер жаран өз эрки менен үй курса, ал аны түрттүрүп, 10 миң сом төлөөгө милдеттүү. Ал эми юридикалык тарапка 100 миңден 200 миң сомго чечин төлөшү керек. Мисалы, Мамэкотехинспекция көп кабаттуу үйдүн курулушу үчүн 100-200 миң сом айып пул салышы мүмкүн. Ал эми биз объектини түрттүрүү менен бирге 10 миң сом төлөтөбүз”, - деди А.Сагындык уулу.

Пикир

Оставить комментарий