• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги “Народный” дүкөндөрүндө бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бишкек шаарындагы “Народный” дүкөндөрүндө азык-түлүк сатууда бир катар шарттардын сакталбаганы аныкталды. Бул боюнча “Кабар” маалымат агенттигине Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, бузуулар инспекторлор тарабынан “Народный” дүкөндөрүн пландык текшерүү маалында табылган. Аталган дүкөндөр Байтик Баатыр 9а, Манас-Москва, Үмөталиев-Жибек-жолу, Токтогул 234 көчөлөрүндө жайгашкан.

Эт азыктарын сактоодо, аны сатууда тиешелүү шарттар сакталган эмес. Алардын сатуу мөөнөтү, курамы жана чыгарган тараптын дареги көрсөтүлгөн эмес. Бул факты боюнча акты түзүлүп, аталган маселени жоюу боюнча эскертүү берилген.

“Кайра текшерүүдө эскертүүлөр аткарылбаганы аныкталган. Мунун негизинде акт түзүлүп, административдик укук бузуу боюнча протокол толтурулду. Дүкөндүн менеджерине административдик айып пул төлөө токтому чыкты”,-деп билдирди Р.Садырбекова.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик инспекция колбаса азыктарын сатуу шарттарын сактабаган эки фирманы аныктаган. Бул дүкөндөрдө сактоо мөөнөтү, курамы жана өндүрүүчүнүн дареги жазылбаган колбаса азыктарын сатып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий