• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги “Нарын” ресторанынын ордуна 20 кабат мейманкана салынат

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Бишкектеги “Нарын” ресторанынын ордуна 20 кабаттуу мейманкана салынат. Бул суроо 28-июлда шардык курулуш кеңешинин жыйынында каралат.

Бишкекбашкыархитектуранын расмий сайтында кабарлангандай, мейманкана «Хуалинь» деп аталат.

Долбоорго ылайык, мекеменин бийиктиги 20 кабатка жетип, дагы 3 кабаты жердин астында калат. Ал унаа токтотуучу жайга айланат.

Маалым болгондой, жаңы мекемеде соода борбору, кафе, кеңсе, мейманкана бөлмөлөрү жана башкалар болот.

Пикир

Оставить комментарий