• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги "Нават" чайханасынан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкектеги Байтик Баатыр жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нават" чайханасынан бүгүн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жерине бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 09:05те толугу менен өчүрүлгөн.

Натыйжада чайхананын ашканасынын жалпы аянты 45 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана пластик шыбы күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий