• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги онкологиялык балдар ооруканасынын курулуш иштерин жандандырууга каражат издеп жатабыз – Чолпонбаев

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги онкологиялык балдар ооруканасынын курулуш иштерин жандандырууга каражат издеп жатат. Бул тууралуу министрликтин башчысы Космосбек Чолпонбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал оорукананын курулушу көпкө узартылбай аяктай турганын белгиледи.

“Биз каражаттарды өкмөттүн бюджетинен карап жатабыз. Бирок башка дагы булактар бар. Биз алар боюнча да иш алып баруудабыз. Жакынкы убакта бул маселе чечилет деп ишенебиз”, - дейт Чолпонбаев.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 22-январь күнү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Улукбек Матисаков Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан аталган онкологиялык балдар ооруканасын бул жылы аяктоо сунушталгандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий