• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги ооруканалардын 90 пайызы жылуулукка кошулду — мэрия

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бишкектеги ооруканалардын 90 пайызы жылуулукка кошулду, - деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5-октябрга караган түнү башталган.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 47 саламаттыкты сактоо уюмунун 42си жылуулук системасына кошулду.

Ал эми жылытууну туташтыруу процесси №2, 6, 11, 12 ҮМБда уланууда. Студенттердин поликлиникасында жылытуу системасын пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ушул аптанын аягына чейин ооруканаларды толугу менен жылуулукка кошуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий