• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Опера жана балет театрынын декабрга карата репертуары

Маданият 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 2022-жылдын декабрь айына репертуарын сунуштайт.

Репертуар:

2-декабрь. Малахит залы.

Операнын солисти, Эл аралык сынактардын лауреаты Ирина Рыбинанын жеке концерти. Башталышы 18:00.

3-декабрь.

Опера ырчысы, СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган гала-концерт. Башталышы 18:00.

4, 6, 7 -декабрь.

Дүйнөлүк премьера! Балет сенсациясы «Genesis»!

Башталышы 18:00

5-декабрь. Малахит залы.

Опера солисти Дмитрий Жумалиевдин концерти. Башталышы 18-00.

9-декабрь.

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 80 жылдыгына карата чоң шоу: "Мода+Театр"!

10-декабрь.

Опера "Риголетто". Башталышы 18:00.

11-декабрь.

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 80 жылдыгына карата Гала Концерт. Башталышы 18:00.

14-декабрь.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Атадан калган туяк" операсынын премьерасы. Башталышы 18:00.

15-декабрь.

Операнын солисти, эл аралык сынактардын лауреаты Бактыбек Алмабековдун концерти. Башталышы 18:00.

16-декабрь. Малахит залы.

Театрдын симфониялык оркестринин кылдуу квартетинин концерти. Башталышы 18:00.

18 декабрь.

Көрүнүктүү балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурдин Тугеловду элесине арналган, М. Раухвергердин "Чолпон" балети. Башталышы 18:00.

23, 24, 25-декабрь.

"Айболит жана Бармалей". Балдар музыкалык спектаклинин премьерасы! Башталышы 12:00.

25, 29- декабрь.

Жаңы-жылдык жомок!

Балет "Щелкунчик". Башталышы 18:00.

Билеттерди сатып алуу үчүн: Телефон: +(312)661841, 661628

Билеттерди онлайн сатып алууга болот: ticket.kg жана sxodim.com

Пикир

Оставить комментарий