• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги Орозбеков-Баялинов көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулат

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бишкектин мэри Азиз Суракматов Орозбеков-Баялинов көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине калаа башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Ал маалымдагандай, буйрукка 19-октябрда кол коюлган.

“Жол чырак сөзсүз орнотулат, долбоор боюнча жана каржы маселеси чечилди. Бирок ошол аймакта жашаган жашоочулардын коопсуздугу үчун убактылуу “ылдамдыкчы азайтуучу тоскоолдуктар” коюлуп, ал эми тосмосу түрттүрүлүп салган үйдүн жанына 1-2 күндүн ичинде бетондон башка тосмо орнотулат”, - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, социалдык тармактардын колдонуучулары Орозбеков-Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак жок экендигин айтышып, анын кесепетинен жол кырсыктары көп катталып жаткандыгын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий