• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги орто мектептер окуу жылынын башталышына даяр — Исакова

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Орто мектептер окуу жылынын башталышына даяр. Анын даярдыгын тиешелүү кызматтар менен бирге Бишкек мэриясынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан текшерилген. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чинара Исакова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштөөдө.

“Алар мектеп окуучуларын жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат. Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча, 170 миңге жакын окуучу окуп жатат жана 7 миңден ашуун мугалим иштейт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий