• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкектеги Орто-Сай базарында 10 мыйзамсыз соода түйүнү алынды

Коом 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарында 10 мыйзамсыз соода түйүнү алынды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун акимиаты Орто-Сай базарынын аймагында жана Юнусалиев, Суеркулов чектешкен көчөлөрүндө стихиялуу соода менен күрөшүүну улантып жатат.

“Акимиаттын жана кайгуул кызматынын кызматкерлери биргеликте рейдге чыгып, 10 мыйзамсыз соода түйүнү жоюлду жана мыйзам бузган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, тротуарлардагы жана жол жээгиндеги мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча текшерүү дайыма өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий