• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Ош базарынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Ош базарында чыккан өрт саат 09:10до толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн чыккан.

"Таңкы саат 05:50дө тилсиз жоону өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган, саат 07:07де өрт чектөөгө алынган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 270 чарчы метрди түзөт", - деп билдиришти ӨКМден.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий