• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги перинаталдык борбордун курулушу 35%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун алдындагы Бишкек перинаталдык борборунун курулушу 35 пайызга аяктаган. Бул тууралуу КРнын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Алардын маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев курулуш жүрүп жаткан аянтка барып, курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын жетекчилиги менен жолугушуп, маалымат алган.

Келишимдин негизинде төмөнкү жумуштар аяктаган: төрт кабаттын жана жер төлөсүнүн имараты, баардык кабаттарда кыш коюу иштери жана чатыры. Ал эми электр тутумдарын орнотуу иштери, жылуу жана муздак суу жүргүзүү, канализация, имаратты жылытуу жана желдетүү иштери жана андан тышкары терезелерди салуу иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө келишимге ылайык баардык пландалынган иштердин 35%ы аяктаган.

Эл аралык серепчилер менен биргеликте медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын тизмеси түзүлгөн. Учурда борборго баардык керектүү жабдууларды алуу үчүн тендер өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий