• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги райондук штабдардын жаңы номерлери

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Бишкекте өзгөчө абал режими күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирет.

Бишкекте күнү-түнү дарыгерлер, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери иштешүүдө.

"Көптөгөн кайдыгер эмес жарандар колдоолорун билдирүүдө, борбор калаага жардам берүүгө аракет кылууда. Алардын бири – "Итар" коомдук кайрымдуулук фонду. Алар дээрлик 20 жылдан бери муктаждыгы бар жарандарга жардам берип келет. Бүгүн борбор калаанын муниципалитети аталган фонд менен бирге шаардагы блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине тамак жеткиришти. Андан кийин фонддун өкүлдөрү дарыгерлерге тамак жеткирүүгө кетишти", - деп билдирет шаар мэриясы.

Мэриядан белгилешкендей, фонд муктаждыгы бар жарандарга, кары жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келет. Ошондой эле фонд жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айына 8 млн сом жөлөкпул түрүндө материалдык жардам көрсөтүп келет.

"Борбор калаада күнү-түнү райондук штабдар иштөөдө. Алар азык-түлүк, дары-дармек жана кароого муктаж адамдарга жардам көрсөтүшүүдө", - деп билдирет мэрия.

Мэриядан билдиришкендей, жардам алуу боюнча чалуулар көп болгондуктан райондук штабдын номерлери көбөйтүлдү:

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;
Ленин району: 656920, 0551 184328;
Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833;
Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Пикир

Оставить комментарий