• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектеги Репин көчөсү ачылат

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Репин көчөсү жакын арада ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Белгилей кетсек, Репин көчөсүнүн Күйүкова менен Гагарин көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери аяктайын деп калган.

Мэрия билдиргендей, жакын арада ал тилке ачылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Репин көчөсүнүн Масалиев (Түштүк Магистраль) менен Күйүкованын ортосундагы тилкеси оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий