• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканада кырдаал оор болууда – башкы дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында кырдаал оор болууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жумуштун оордугуна карабастан эмгек жамаатынын моралдык-психологиялык абалы туруктуу.

“Бейтаптар үчүн аппараттар менен жабдыктар жетиштүү. Бүгүнкү күндө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 375 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 21и өтө оор, 130у - оор, 224ү орточо оор абалда. Учурда 188 медицина кызматкери иштеп жатат. Медицина кызматкерлери нөөмөт менен иштөөдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий