• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги “Ресто” чайханасынын чатыры күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Бишкектеги “Ресто” чайханасынын чатыры күйүп кетти,-деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, кечки саат 19:40да Ахунбаев көчөсү 32 дарегинде жайгашкан “Ресто” чайханасында катталган.

“Өрттү өчүрүү үчүн 1 өрт кызматы чыккан. Саат 20:28де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Чайхананын 10 чарчы метр жыгач устундуу аянты күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Азырынча кырсык эмнеден чыккандыгы белгисиз, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий