• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги ресторандын имаратында үчүнчү түнкү стационар ачылды. Дареги

Ден соолук 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкектеги ресторандын имаратында үчүнчү түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаадагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

Бүгүн Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар "Талас жаштар ынтымагы" уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу "ДСК" спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Консул" рестораны. Мында жалпысынан 220 орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий