• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигине жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, - деп кабарлайт муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Бишкек шаарындагы ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги" МИнын директору болуп Кубанычбек Усупбаев дайындалды, ал буга чейин аталган ишканада башкы инженер болуп эмгектенген.

Ал эми Сүйөркул Раев ишкананын башкы инженери болуп дайындалды, ал буга чейин "Бишкек шаарындагы ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги" ишканасында башкы экономист, андан кийин өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болгон.

Мэриядан кошумчалашкандай, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий