• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги өрттөн бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. Бишкектеги өрттөн бир адам каза болуп, үчөө жабыркады, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн калаадагы Каралаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Снежный Барс" тиричилик техникаларын тейлөө борборунан чыккан өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 11:27де чектөөгө алынып, 13:11де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан 1963-ж.т К.Б. аттуу эркек киши каза болуп, үчөө жабыркады, учурда алардын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий