• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектеги «Рухий-Мурас» жаңы конушу газ менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкектеги «Рухий-Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын салтанаттуу берүү иш-чарасы өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов катышты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, дагы 5 миң 500 жашоочу ишенимдүү жана экологиялык жактан таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул үчүн компания тарабынан жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн үйлөрдүн короолору аркылуу өткөн жана жер алдындагы газ өткөргүчтөрү курулду.

Конушту газдаштыруу иштери Кыргызстанды газдаштыруу боюнча Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында 2021-жылдын июнь айында башталган.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде тийиштүү жумуштарды аткарып, аталган жаңы конуштун биринчи тургундарына жаратылыш газын бере баштады.

Жаңы конуштагы жумуштардын бары күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен атайын норма жана стандарттардын бардык талаптарына ылайык аткарылды.

Жаратылыш газы – экологиялык жактан таза, энергоэффективдүү жана экономикалык көрсөткүчү боюнча стабилдүү отун болуп саналат. Газ менен жылытуу системасын күн сайын тейлөөнүн кереги жок жана анын натыйжалуулугу тармактагы чыңалуудан көз каранды эмес.

Газ катуу отунга салыштырмалуу атмосферага көмүр кычкыл газын 50%га аз бөлүп чыгарат. Кара түтүндү дагы пайда кылбайт – бул өз учурунда ангина, астма, пневмония жана дем алуу системасынын башка ооруларынын пайда болуусун азайтат.

Орточо эсеп менен газ менен жылытуу системаларынын пайдалуу аракет коэффициенти (ПАК) 90%дан жогору, электр энергиясы менен иштеген системаныкы 90%га чейин, көмүрдүкү – 60%дан төмөн.

Пикир

Оставить комментарий