• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги сарайда өрт чыгып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бишкектин Муса Жалил көчөсүндөгү жалпы аянты 50 чарчы метр болгон сарай толугу менен өрттөнгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, өрттүн кесепетинен 44 жаштагы Ж.М.Э. сол колунан 1-даражадагы күйүк алган. Ал эми 21 жаштагы И.Ф.С. жана 17 жаштагы Ш.И.В. түтүнгө ууланып, тез жардам кызматынан биринчи медициналык жардам алышкан.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий