• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги сейил бактарга ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бишкектеги сейил бактарга ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Молодежный" сейил багынын аймагына ийне жалбырактуу, арча, карагай жана туянын 70 түп көчөтү отургузулса, Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактын аймагына 50 жаш туя отургузулду.

Ал эми өткөн дем алыш күндөрү "Ынтымак-1" паркына 40 карагай жана 10 кайың отургузулган. Көчөттөрдү Улуттук банк белек кылган, банктын кызматкерлери көчөттөрдү отургузуу иштерин өздөрү көзөмөлдөп турушту.

Эскерте кетсек, быйыл Бишкек шаарына 15 миң жашыл көчөт отургузуу пландалууда. Жыл башынан тарта 2 миң дарак отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий