• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги шамал: Кулаган бактар алынып, шаар иретке келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.03.19. /Кабар/. Бишкектин муниципалдык кызматтары шамалдан кийин кулаган бактарды алып, шаарды тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун жана анын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин кабарлаган.

Саат 18:30да Логвиненко көчөсүндө (Жибек Жолу менен Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда) жолго бак кулаган. Ал бак жол жээгиндеги эки унаанын ортосуна кулап түшкөн.

Кабар келгенден кийин эле ал жерге "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери барып, бакты жолдон алышкан.

Андан тышкары Патрис Лумумба көчөсүндөгү №135Б үйүнүн короосунда жаш дарак, Гоголь менен Жумабек көчөсүндө да бир бак кулаган. Ал эми Түгөлбай Ата менен Раззаков көчөсүндө кулаган дарак анын жанында турган дүкөндүн чатырын бузган. Бирок, ал төрт бактын кулашынан эч ким жабыркаган эмес.

Кулаган бактын баары алынган.

Ошондой эле, жаан-чачындан улам бир катар көчөдөгү жолдо суу топтолуп, муниципалдык ишкананын кызматкерлери жолду суудан тазалашкан.

Аны менен катар үзүлгөн электр зымдары да кайра туташтырылууда.

Пикир

Оставить комментарий