• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги ШКУ саммитинин алкагында 30га жакын документке кол коюлары күтүлүүдө – Сыдыков

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкектеги саммитинин алкагында 30га жакын документке кол коюулары күтүлүүдө. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы ШКУ саммитинде 8 президент катышып, дагы 4 мамлекет башчы байкоочу катарында болот.

"Андан тышкары, саммитте эл аралык уюмдардын башчылары катышат. Ушунча президенттик делегация катышкан мындай жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргызстанда алгач ирет өтөрүн белгилеп кетүү керек", - деди ал.

Сыдыков белгилегендей, азыркы тапта Бишкектеги ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында Уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин катышуусу менен кеңешме өттү.

"ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын отуруму пландалууда. Даярдыкты тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси жыйынтыктайт. ТИМ башчылары даярдыкты жыйынтыктап, ШКУнун күн тартибин макулдашышат. Саммиттин алкагында президенттердин деңгээлинде 20га жакын документ, министр жана мекемелердин деңгээлинде дагы 10 документке кол коюулары пландалууда", - деди ал.

Андан тышкары, ал ШКУ саммитин өткөрүүгө Россия, Кытай жана Индия тараптан техникалык жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Данияр Сыдыков, алдыдагы эки маанилүү иш-чара – КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапары тууралуу айтып өттү.

"Си Цзиньпин биздин президенттин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүү чакыруусун кабыл алды. Индиянын премьер-министринин сапары маалында көп маселелер талкууланарын күтүп жатабыз. Он экиге жакын документке кол коюлат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий