• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар убактылуу жабылмай болду. Бул тууралуу брифингде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

«Мындай чара шаардагы эпидкырдаалдын начарлашына байланыштуу», - деп түшүндүрдү ал.

Вице-мэр кошумчалагандай, соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар эки жумага жабылат.

Пикир

Оставить комментарий