• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги соода борборлорунун биринде көмүскө оюн-зоок жайы табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Ош базарындагы «Фрунзе+» соода борборунда мыйзамсыз оюн-зоок клубу табылды.

Мамлекеттик экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдиргендей, Токтогул менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода түйүнүнүн жер төлөсүндө кумар оюндарын ойнотуучу жай бар экени аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин 259- беренеси (оюн-зоок жайларын уюштуруу, кумар оюндарын жана лотереяларды өткөрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү жүрдү. «Русское лото» оюндарын өткөрүү үчүн жабдуулар, лотереялык билеттер, акчалар алынган. Тинтүү учурунда ал жерде 20дан ашуун киши болгон.

2017-жылы майда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев жеке лотерея ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Мындай жол менен мамлекет бизнестин бул түрүн монополизациялаган. Ишкерлер муну бизнеске токоолдук жаратуу катары баалашкан.

Былтыр ноябрда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков парламент депутаттарына кайрылып, мамлекеттик лотерея кампаниясы кирешелүү болушу үчүн дагы бир жыл сураган.

Пикир

Оставить комментарий