• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектеги соода түйүндөрү өрт коопсуздугуна текшерилет

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги соода түйүндөрү үстүбүздөгү жылдын планына ылайык өрт коопсуздугуна текшерилет,-деп билдирет Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, аталган өңүттөгү иш-чаралар пландык негизде жылына бир жолу өткөрүлөт, бирок инспекциянын дарегине кат түрүндө кайрылуу түшсө, текшерүү кайрадан жүргүзүлөт.

“Учурда өрт коопсуздугунун инспекторлору жерине чыгуу үчүн КР Экономика министрлигинен уруксат кагазын күтүп жатышат. Ага байланыштуу жакынкы арада Бишкектеги бардык ири соода түйүндөрүнүн техникалык абалы текшерилет”,-деп айтылат маалыматта.

Рейд жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, өткөн жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен калаадагы жана аймактардагы бир катар соода түйүндөрү техникалык абалы начар болгондугуна байланыштуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий