• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги социалдык мекемелер майыптыгы барлардын талабына жооп бербейт

Коом 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын социалдык мекемелери майыптыгы бар адамдардын суроо-талаптарына ылайык келбейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майыптыгы барлар үчүн атайын комиссия борбордогу социалдык мекемелерди жана инфраструктураларды текшерүүдөн кийин ушундай жыйынтыкка келди.

Аталган комиссия мектептердин, поликлиникалардын, музейлердин, китепканалардын жеткиликтүүлүгүн, коомдук транспорт, көтөргүчтөр, өткөөлдөр, пандустар, светофорлор жана башкалар көзөмөлгө алган.

Комиссиянын курамына президенттин Администрациясынын, министрликтердин, коомдук уюмдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КР министрлер кабинетине караштуу майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү кирди.

Мониторинг БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруунун алкагында майыптар үчүн айлана-чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мамлекеттик органдардын көңүлүн буруу максатында уюштурулган, аны Кыргызстан 2019-жылдын 13-мартында ратификациялаган.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча комиссия борбордун инфраструктурасы жана социалдык объектилери майыптыгы бар адамдардын суроо-талаптарына ылайык келбейт деген тыянакка келди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын сактоо үчүн инфраструктура объекттерине тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдар көп иштерди жасашы керек.

Пикир

Оставить комментарий