• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги улгайгандар үчүн социалдык мекемеде Энелер күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Бишкекте улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мекеменин жашоочулары үчүн концерт уюштурулуп, анда КР чек ара аскерлеринин ансамбли энелерге арналган ырларды тартуулады. Концерттен кийин майрамдык сый тамак уюштурулду.

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 213 адам жашайт.

Аталган мекеменин жашоочулары социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим, биринчи керектелүүчү буюмдар менен толук камсыз болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий