• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги стационарларда 885 адам дарыланууда, 51 бейтап өтө оор абалда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бишкектеги стационарларда 885 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9 стационар иштеп жатат.

“Анда 885 бейтап дарыналууда. Алардын ичинен 593ү орто оор, 239у оор, 51и өтө оор абалда, 52 бейтап реанимация бөлүмүндө болууда. Учурда 183 орундук бош”, - дейт ал.

Шамырканова кошумчалагандай, шаардагы 114 миң 331 окуучу же 99,19% балдар текшерилди.

“Аладын ичинен курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери 12 окуучудан байкалган. Алардан ПЧР анализдер алынып, 4 балада оң жыйынтык берген. 77 мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 5 миң 112 бала же 99%ы кароодон өткөн. Бешөөндө курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. ПЧР анализ ата-энелери каршы болгондуктан алынган эмес. 10 адистештирилген мектепке чейин билим берүү уюмдарындагы 981 бала каралып, экөөндөн курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. Ата-энесинин каршылыгынан тест алынган эмес. Ал эми 25 жеке мектепке чейин билим берүү уюмдарындагы 1 миң 938 бала текшерилип, аларда курч респиратордук вирустук инфекция аныкталган жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий