• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги стационарлардын биринин базасында реанимация бөлүмүн ачуу пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын стационарларынын биринин базасында реанимация бөлүмүн ачуу пландалууда. Ылайыктуу жана ыңгайлуу жайгашкан имаратты ыкчам түрдө табуу зарыл. Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов берди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү.

«Буга чейин «Семетей» госпиталынын аймагында 50 орунга эсептелген реанимация ачылган. Азыр анда эң оор абалдагы 16 бейтап дарыланып жатат. Бирок госпиталь шаардын четинде жайгашкандыктан, биз өтө баалуу болгон убактыбызды коротуп жатабыз. Ошондуктан Бишкек шаарынын ичиндеги стационарлардын биринде убактылуу реанимация бөлүмүн ачуу чечими кабыл алынды», - деди премьер-министр.

Ошону менен бирге Кубатбек Боронов түнкү стационарларды ачуу процессин тездетүүнү тапшырды.

«Адамдар келип ийне сайдырып, кайра үйүнө кетип турганга түнкү стационарлар керек. Бишкек мэриясы түнкү стационарлар үчүн орун табышты. Алар жакын арада ачылат. Саламаттык сактоо министрлиги түнкү стационарларды зарыл дары-дармектер жана медициналык жабдуулар, медициналык персонал менен камсыз кылат. Стационардын аймагында күндүзгү стационарлардагыдай дарыканалар иштейт. Бейтаптар бүт шаарды кыдырып дары издебеши керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы көптөгөн маселелерди чечкен убактылуу стационарларды ачуу менен катар ооругандар толук дарылоодон өтө турган кадимки стационарларды ачуу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий