• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги супермарафондо 60 жаштагы А. Петров гиряны 2618 ирет көтөрүүгө даярданууда

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. 22-декабрда спорт ардагери Александр Петров Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган гиря көтөрүү боюнча супермарафон өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекттик агенттиги билдирди.

Супермарафон Бишкек шаарында Фрунзе көчөсү 429 Б дарегиндеги спорттук клубдардын биринде өтөт. Спорт ардагери салмагы 16 кг чоюн ташты 2618 ирет көтөрмөкчү. Эгер ал чоюн ташты толук 2618 жолу көтөрө алса ал жалпы 42 тонна салмакты көтөргөн болот.

Жыл башында А. Петров 16 кг салмактагы чоюн ташты 2018 ирет (32 тоннадан ашык) көтөргөн. Ал үчүн ага А. Петров 1 саат 33 мүнөт сарптаган.

Белгилей кетсек, ал 2018-жылдын 1-январында 60 жашка толгон.

Спортчунун ийгиликтери:

1987-жылы — орто-азиялык аймактын чемпиону,
1988-жылы — СССРдин “Динамо” Борбордук кеңешинин коло медалынын ээси,
1989-жылы — СССР аба аскерий күчтөрүнүн биринчилигинде күмүш медаль,
2013-жылы — Европа жана дүйнө чемпиону,
2014-жылы — ардагерлер арасында Европа чемпиону,
2016-жылы — ардаргерлер арасында дүйнө чемпиону,
2017-жылы — ардаргерлер арасында дүйнө чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий