• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектеги суу көйгөйү. Мончо жана унаа жуучу жайлардын ишине качан уруксат берилери айтылды

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкекте бир айдын аралыгында унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр алынат. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө калк сууну сарамжалдуу пайдаланса, анда абал турукташат.

"Биз унаа жуучу жайларды кыдырып, ээлери менен сүйлөштүк. Алар жагдайды түшүнүп, көптөгөн унаа жуучу жайлар суу тартыштыгы маалында иштерин токтотту. Абал турукташса, бардык чектөөөлөр алынат", - деди Шамыралиев.

Эске сала кетсек, 3-июнда суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Анын натыйжасында айрым мончо жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылды.

Вице-мэрдин айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө Бишкектеги унаа жуучу жайлардын дээрлик бардыгы ичүүчү таза сууну колдонушат.

Шамыралиев санитардык нормаларга ылайык бассейндер ичүүчү сууну колдонсо, унаа жуучу жайлар техникалык сууну колдонушу керектигин кошумчалады.

Техникалык суу анча терең эмес скважиналардан чыгарылып, кылдат тазалоодон өткөрүлбөйт. Бирок бүгүнкү күндө унаа жуучу жайлар техникалык сууга кошулган эмес. Маселе жакынкы жылдары чечилет. Ага чейин алар автоунааларды ичүүчү суу менен жууну улантышат.

Пикир

Оставить комментарий