• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү. Мурда алар саат 21:00дөн баштап иштей баштаса, эми 20:00дөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Калаанын 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жана Фрунзе / Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында ачылган түнкү стационарларда жалпы 220 орун даярдалган. Иштөө убактысы: саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин.

Эки күндүн аралыгында түнкү стационарларга 683 адам кайрылган, 282сине ийне сайылган, 397сине медициналык кеңеш берилсе, эки адам ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, эки адам каза болуп калган.

Жеринде врачтар, медайымдар, санитаркалар, ординаторлор жана ыктыярчылар нөөмөттө турат. Шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик дарыканалар ачылган.

"Эгерде түн ичинде өзүңүздүн же жакын адамыңыздын саламаттыгы начарласа, анда көп күтпөстөн тезинен 103 кызматына чалыңыз. Медициналык тез жардам тобу бошобой жаткан болсо, мүмкүнчүлүккө жараша түнкү стационарларга келиңиз, медиктер алгачкы жардамды көрсөтөт", - деп мэрия шаар тургундарына кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий