• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги төрт тилкелүү жол: май куюучу жай жана соода түйүндөр алынат

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы төрт тилкелүү жолдун курулушу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Бишкектеги төрт тилкелүү жол Кытайдын 34 млн доллар грантынын эсебинен ишке ашырылат. Айланма жолдор төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде жайгашат:

• Жаш Гвардия менен Л.Толстой көчөсү;
• Чапаев менен Л.Толстой көчөсү;
• М.Горький менен Анкара көчөсү;
• Айтматов менен Сүйүнбаев көчөсү.

“Кытайдын адистери январь айында келип, долбоорлор менен таанышып кетти. Тендер өткөнү турат. Эми курулуш бир күндө бүтпөйт. Ал жердеги май куюучу жай жана соода түйүндөр алынат. Ал жумуштарды жүргүзүп жатабыз. 2023-жылы төрт жолдун курулушу башталат, анын экөөсү бүтүп калса жакшы болот”, - дейт мэр.

Пикир

Оставить комментарий