• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдан тарта жабылат

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбай Түлөбаев кол койду.

"Көрүстөндүн жабылышы сөөктү жерге берүүгө жер тилкесинин жоктугу, "Ала-Арча", "Жер-Ынтымагы" конуштарынын тургундарынын кайрылуулары жана Мамэкотехинспекциясы, санэпидкөзөмөл борбору, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын корутундусу себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Мындан кийин сөөк Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозь айылында жерге бериле баштайт.

Пикир

Оставить комментарий