• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги таштанды челектер калаанын картографиялык порталына жайгаштырылды

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. "Бишкекреклама" муниципалдык ишканасы 2ГИС компаниясы менен биргеликте борбордун бардык таштанды челектерин борбор калаанын картографиялык порталына жайгаштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш эки жумага жетпеген убакытта жасалды. “Эми сиздер жөн гана издөө кутусуна “таштанды челектери” деп киргизсеңиздер, шаардагы бардык контейнердик таштанды челектердин жайгашкан жерин көрө аласыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай чара Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн жасалды.

Эми шаардыктар керек болгон учурда кафелерди же башка объекттерди гана эмес, жакынкы таштанды челектердин жайгашкан жерин биле алышат.

Пикир

Оставить комментарий