• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги "Театралдык" гүл бакчасында кайрадан пианино орнотулду

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Бишкектеги "Театралдык" гүл бакчасында кайрадан музыкалык симфония жаңырууда, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пианино орнотушту, демек, суук аба ырайы артта калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кышында биз музыкалык аспап ишкананын кампасында кылдаттык менен сакталып, күн жылыганда шаардыктарга тартууланат.

"Аспап кароодон өтүп, күүлөнүп, музыкалык маанай менен конокторду кубандырууга даяр болду", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикке жана шаарга жакшы кам көрүүнү өтүнөт.

"Эгерде сиз тартиптин бузулгандыгына күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыздар: 102", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий