• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги тигүү цехинен чыккан өрттөн каза болгон кыз боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бишкекте тигүү цехинен чыккан өрттөн улам каза болгон кыз боюнча кылмыш иши козголду.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 4-ноябрда Бишкек шаардык ИИББге тигүү цехинен өрт чыкканы боюнча билдирүү түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам бөлүмү дароо окуя болгон жерге жөнөп, окуя болгон жерге барганда Бишкек шаарынын Аммосов көчөсүндө жайгашкан үй өрттөнүп жатканы аныкталган. Ошол эле учурда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өрттөнүп жаткан үйдөн бардыгы эвакуацияланган. Кооптуу учурларды болтурбоо максатында милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тез аранын ичинде курчоого алышты.

Келген ӨКМдин өрткө каршы кызматы үч сааттын ичинде өрттү локализациялап, андан соң өрттүн очогун толугу менен өчүрүшкөн.

Ошондой эле үйдө жашы жете элек кыз А.А. бар экени аныкталган. Ал 2017-жылы туулган, бул өрттүн кесепетинен ошол жерден каза болгон.

Бул факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ цехтен чыккан өрттөн улам 4 жашар кыз каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий