• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги троллейбустардын биринде эркек киши бычак менен жүргүнчүлөргө кол салууга аракет жасаган

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Борбор калаадагы троллейбустардын биринде эркек киши колуна бычак алып жүргүнчүлөргө кол салууга аракет жасаган. Окуяны Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Мэриянын маалыматында, №2 троллейбуста жүргүнчүлөрдүн бири бычак менен башкаларга кол салууга аракет жасаган.

"Троллейбустун айдоочусу Светлана Тургумбаева кайгуул милиция кызматын чакырып, башаламандыкты уюштурган адамды кармоого жардам көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер башкы башкармалыгы толугураак маалыматты кийинчирээк берээрин айтат.

Пикир

Оставить комментарий