• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги турак үйлөргө 20 жаңы лифт орнотулду

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын 8 турак үйлѳрүнѳ 20 жаңы лифт орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган лифттер Бишкектин Үсөнбаев көчөсү, №3, Ибраимов көчөсү, № 26, 30, 7-кичирайонундагы № 25 33 үйлөр, Түштүк-2 кичирайонундагы № 4, 9, 10 үйлөргѳ орнотулду.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жаңы кабиналарды орнотуу, көтөрүүчү механизмдерин жана редукторлорду алмаштыруу иштери жасалды.

Бардык объектилерде кабыл алуу комиссиясы өтүп, ишти ѳткѳрүү актыларына кол коюлуп, жабдуулар ишке киргизилди. Азыркы тапта Турак жай менчик ээлеринин менчигине, лифттерди өткөрүү процесстери жүрүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий