• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги тынчтык митинги жыйынтыкталды — милиция

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Бишкектеги Уркия Салиеванын эстелигинин алдында өткөн тынчтык митинги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, акцияга 250-300 адам катышкан, тартип бузуу фактылары катталган жок.

"Аталган митингдин уюштуруучулары күн мурун шаардык милицияга тынч жыйын өтө тургандыгын кабарлашкан. Бишкек милициясынын кызматкерлери акциянын катышуучуларынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий