• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Улуттук китепканада манасчыларды эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кечээ, 17-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчыларды эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналды.

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Манас Эл” кыймылы жана “Көйкашка” коомдук фонду.

Пикир

Оставить комментарий