• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкектеги эт комбинатынан өрт чыкты (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:07де КР ӨКМнин Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:13тө КР ӨКМнин Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 05:13тө КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:00дө КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:16да КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана Штаб тартылган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий