• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынгандыгын эске салды.

"Бул түрдөгү унаалардын өтүүсү үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр бар. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Биздин айдоочулар унаа токтотуучу жай катары унаанын жүрүүчү бөлүгүн, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам “Коопсуз шаар” линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул түрүндө берилиши керек”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын кеңейтилген коллегиясында мурда берилген тапшырмалардын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ал таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле кытай грантынын эсебинен каржылануучу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылуусун билдирди.

Анда шаардын бардык аймагында 18 айланма жолун куруу пландалып жатканы, алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрдөгү “унаа тыгындарын” азайта тургандыгы белгиленди.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, бардык аткарыла турган иштердин негизги максаты жарандардын жашоосун жакшыртуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кеңешмеде шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөр талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий