• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектеги ымыркайларды сатууга шектелгендердин бири үйүнө койо берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Бишкекте ымыркайларды сатуу иши боюнча шектелгендердин бири өлкөдөн чыгууга тыюу салуу менен үйүнө койо берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, аталган ишке шектүү деп кармалган беш медициналык кызматкерлердин биринин ден соолугу начар экендиги аныкталган. Ошол себептен, сот ага баш коргоо чара катары өлкөдөн чыгууга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Ведомстводон мындан сырткары эч кандай маалымат беришкен жок.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ымыркайларды сатуу иши боюнча беш медициналык кызматкер тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле дагы бир нече шектүү адамдар бар, алар боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ымыркайларды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча тиешелүү тергөө жүрүүдө жана бул иш ИИМ жетекчилеринин жеке көзөмөлүндө турат.

Мурда министрликтен жаңы төрөлгөн ымыркайларды Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар сатып алышкандыгын кошумчалашкан болчу.

Пикир

Оставить комментарий